Ошто жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жаран кармалды. Жабырлануучу ошол жерден жан берген
25-декабрда Ош - Эркеч-Там жолунда болжол менен саат 21:00дө Кара-Суу районунун 1957-жылы туулган жаранын сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумса, унаанын айдоочусу качып кеткен. Милицияга маалымат 26-декабрда келип түшкөн. Бул тууралуу Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 28-декабрда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектелип Алай районунун 1990-жылы туулган А. уулу Д. аттуу жараны кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















