Экс-депутаттар өлкөнүн акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышып, натыйжада 5 талапкер калды
Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат. Учурда талапкерлер депутаттарды өз программалары менен тааныштырышууда.
Башында акыйкатчы кызматына фракциялар жалпысынан 7 талапкерди сунуштаганы белгилүү болгон. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар Абдыжапар Бекматов ("Бир бол") жана Нуркамил Мадалиев ("Кыргызстан") акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышканын айтышты. Ошентип, 5 талапкер калды. Алар:
Кубат Оторбаев (КСДП);
Мавлян Аскарбеков ("Ата Мекен");
Толкунбек Исаков ("Ата Мекен");
Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт");
Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс").
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















