Бишкек-Ош трассасында жүк ташыган унаа оодарылып, Абла суусуна 14 тоннадай бензин төгүлдү
Бишкек-Ош трассасынын 116-чакырымында (Жайыл районунун аймагы) 38 тонна бензин жүктөп бара жаткан оор жүк ташуучу ДАФ автоунаасы оодарылып кетти. Кырсыктан айдоочу жабыркаган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянсак, Абла суусуна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлүп, төмөнкү айылдарга барчу суу убактылуу токтотулду. Аталган дарыя Кайырма, Бөксө-Жол, Бекитай жана Сосновка айылдарынын калкын суу менен камсыздайт.
Суунун зыяндуулугун аныктоо үчүн Экологиялык-техникалык инспекция иштеп жатат, жыйынтыгы чыгарыла элек. Унааны 13-январда саат 03:00 чамасында менчик крандын жардамы менен жолго чыгарышканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
1
1

Супер-Инфо
super.kg видео


















Кудай өзү сактаптыр! Аман калганына шүгүр! Кырсык каш-кабактын ортосунда.