Былтыр жүрүм-турумунун айынан ички иштер органдарынан 92 кызматкер жумуштан алынган
2015-жылы жаман жүрүм-турумунун кесепетинен ички иштер органдарынан 92 кызматкер жумуштан алынган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ИИМдин Өздүк коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Скандарбек Көчөрбаев билдирди.
"Өткөн жыл аралыгында ээлеген кызматынан бошотулган кызматкерлердин саны 134 адамды түзгөн. Башка тартиптик жазага тартылгандардын жалпы саны - 1573. Тергөө органдарына юридикалык баа берүү үчүн 953 материал жөнөтүлдү, алардын ичинен прокуратурага - 791. Алар боюнча 107 кылмыш иши козголду, бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 2,4 эсе көп дегенди билдирет",- деди
С.Көчөрбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















