АКШда 23 жаштагы кыргыз жигит мотоцикл менен көпүрөдөн кулап каза болду
Ушул жылдын 19-январында АКШнын Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында саат 12:30 чамасында жол кырсыгынан кыргыз жигит көз жумду. Бул тууралуу интернеттеги социалдык тармактарга Америкадагы кыргыз жарандары жазышты.
Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган Алмазбек Таиров Кавасаки үлгүсүндөгү мотоцикл менен жумушка бара жаткан. Жамгыр жаап жаткан убакта рулду башкара албай бийиктиги 6-7 метр болгон көпүрөдөн кулап түшкөн. Белгилүү болгондой, ал 20-январда туулган күнүн белгилемек.
"Ата-энесине, жакын туугандарына сабыр тилеп, кайгысын тең бөлүшөбүз. Көзү тирүү болгондо 23 жашка чыкмак. Сөөгүн мекенибизге жеткирүүгө кайдыгер карабай, өз салымыңыздарды кошосуздар деген үмүттөбүз", - деп маркумдун достору элге кайрылуу жасашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео


















Байкуш он гулунун бири ачыла элек кеткен тура, жакындарын зарлатып.