"Государство төлөп берет" деген чуулуу сөздүн автору 2000 сом айып пул төлөөгө макул болду (фото)





Семичке чагып коомчулуктун сынына кабылган Акшоола Болотованын ишин бүгүн, 29-январда Октябрь райондук административдик комиссиясы карады. Ага 2 миң сом айып пул салынып, кыз аны жакынкы күндөрдө төлөй турган болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, сейил бактын ичинде отуруп жерге семичке чагып, аны көчө тазалагычтар жыйнашы керектигин айтып, "алардын айлыгын государство төлөйт, ошол үчүн ал мамлекет" деген ойду карманган жаш кыз тууралуу видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан.
Кызды жоопко тартуу боюнча чогултулган материалдар Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок кыздын келбегендигине байланыштуу бул маселе каралган эмес эле. Бул арада "Акшоола интернет колдонуучуларынын сынына кабылып, катуу стресстен улам дары ичип өзүнө кол салууга аракет кылды" деген маалымат тараган. Акшоола Болотова өз өмүрүнө кол салбаганын жана ооруканага жаткырылбаганын айтты. Ошондой эле видеону тартып, интернетке тараткандарды сотко берерин билдирди.
"Государство төлөп берет" деген кыз мэрияда



Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
Точно суицидке алып барасынар бул кызды.
Жаман сын айтып денгээлинерди коргозуп жатасынар. Мыкаачы экенсинер, чын эле суицид кылган болсо эмне кылат эленер.
Мен тан калдым калкыма. 99% соцсеть колдонуучулар кызды жамандап чуть ли айбанга тенеп салды.
Жыгылган адамды тургузуунун ордуна, устуно чыгып секирип жатасынар.
Жамандагандын баары аман эле болгула.
Сразу уу-дуу болуп басып жыгылып,анын тубуно жетип териштирип жиберебиз.(Кыз конечно туура эмес кылды дечи)
Жаштык кезде журоктору орт да,суйлоп озун коргозуп коёюн деди да тиги балага.
Ошо 2000с м-н бюджеттибиз толуп калабы?
Андан коро свет,газ,налогдору 100мин деп толобой жургон чондорубуздан ушундай сыгып алышса.
кыргызстандын 80 % кыргызча эле суйлойт мис;
ош нарын ж-абадда таласта ы-колдо баткенде жалан кыргыздар эле жашайго неге кыргызча суйлобойт такыр тушунбойм
сот жазылган орусчаны зоорго окуп атат го куйуп куйуп кетем да достор кыргызча суйлоштон уялабы айткылачы
кыргызча спорт каналын коруп жатасынарбы ошол каналда кыргызча комментарий окуган балага мен ыраазымын себеби куйулуштуруп суйлоп кызыктырат ошол балдар кыздарды которуш ке