super.kg logo

"Государство төлөп берет" деген чуулуу сөздүн автору 2000 сом айып пул төлөөгө макул болду (фото)

 

Семичке чагып коомчулуктун сынына кабылган Акшоола Болотованын ишин бүгүн, 29-январда Октябрь райондук административдик комиссиясы карады. Ага 2 миң сом айып пул салынып, кыз аны жакынкы күндөрдө төлөй турган болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, сейил бактын ичинде отуруп жерге семичке чагып, аны көчө тазалагычтар жыйнашы керектигин айтып, "алардын айлыгын государство төлөйт, ошол үчүн ал мамлекет" деген ойду карманган жаш кыз тууралуу видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Кызды жоопко тартуу боюнча чогултулган материалдар Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок кыздын келбегендигине байланыштуу бул маселе каралган эмес эле. Бул арада "Акшоола интернет колдонуучуларынын сынына кабылып, катуу стресстен улам дары ичип өзүнө кол салууга аракет кылды" деген маалымат тараган. Акшоола Болотова өз өмүрүнө кол салбаганын жана ооруканага жаткырылбаганын айтты. Ошондой эле видеону тартып, интернетке тараткандарды сотко берерин билдирди.






"Государство төлөп берет" деген кыз мэрияда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(110)
29.01.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азамат! Жакшы кыз. Кийин турмуш курса. Балдарыны коомдук жерде,сейил бактарда, таштанды таштообого уйротор! Бул кызды "Жарнамалык" тасмага тарта турган эле болуп калды. Тарбиялык максатта тартса.)
29.01.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Баарыбызга сабак болсун.
29.01.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ушул видиону тарткандар азамат экен.Копчулугуно бир аз да болсо сабак болду.Семичке эле эмес, колундагысын каалаган жерге ыргытып кетип калгандарды дагы ушундай кылыш керек.О.э дагы бир койгой маршруттук таксилер бир гана аялдамадан токтосо.Элдер аялдамадан кана тушсо.Ушундай шартта болсо ото суйунот элем.
29.01.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Андан коро ошол сейил бакты 3кун шыпыртыш керек эле ошондо мурдуна суу жетмек
29.01.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Экинчи семичке чакпай турган болдуго жерден семичке коруп калса да 2метр алыстан айланып отуп
29.01.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Татынакай кыз экен
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: