super.kg logo

Борончу Кудайбергенов: "Депутаттар бийликтин айыбын чукуган куудулдардын оозун жапканы жатышат"

 

Коомчулукта парламент депутаты Мээрбек Мискенбаевдин Тынар Курбаналиев менен Рахман Разыковдун концерттеги тамашасына айткан сыны кызуу талкууга алынып жатат. Айрымдары куудулдар туура эмес кылганын айтышса, көпчүлүк "Мындан башка кыларга иши жокпу?" деп депутатты айыпташууда. Куудулдар депутаттын мындай кадамын "бийликтин кемчилигин айткандардын оозун жабуу аракети" деп баалашууда.

"Мунун баары биз концертте депутаттардын кемчиликтерин көрсөтүп жатканыбыздан болуп жатат. Мээрбек Мискенбаев менен эки күндөн бери сүйлөшүп жатам, ага таарынбайм деле. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ал өзү эмне кылып жатканын деле билбей турганын түшүндүм. Депутатты ары жактагылар "сен ушул сөздөрдү айтып, такыр сөзүңдөн кайтпай тура бер, калганын биз бүтүрөбүз" деп турушкандай. Эптеп бир шылтоо таба албай жатышканда Тынардын тамашасы чыгып калды. Ал тамашада "Апрель баатырлары" деп так деле айтылбаптыр. Баатыр наамын алган адам "мен баатырмын" деп таксиге акча төлөбөй койсо, "Силер, баатырлар, көбөйүп кеткен жоксуңарбы?" деп сурап коюптур, болгону ушул.

Ал эми Рахман агайдын ырында "Ошто болгон окуядагы курман болгондорду деле баатыр кылбайлыбы..." деп айтылыптыр. "Болуптур, аларды да баатыр дешибиз керек, буларды да баатыр дешибиз керек" деп эле койсо болмок. Байкашымча, бул ызы-чуунун максаты башкада. Булар бийликти сындаган куудулдардын оозун жабууну ушундан башташты. Элге салмактуу угулушу үчүн "Апрель баатырларын мазактады" дегенди кошуп коюшту",- дейт куудул Борончу Кудайбергенов.

Куудул аталган депутатты чыгармачыл адамдарга асылбай, маанилүү иштер менен алектенүүгө чакырды.

"Бул депутаттын иши эмес. "Куудулдар элди түндүк-түштүккө бөлүп жатат" деп өзү ортого от жагып жатат. Эл арасында "Тынар менен Рахман концерт коюп келсе, таарынбасын" деген сөздөр чыгыптыр. Ушундан чыгып жатпайбы, бөлүнүүнүн баары",- деди Кудайбергенов.






Тынар менен Рахманды соттоочу баатырлар жөнүндө ызы-чуулуу сатира

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(79)
Медиа-портал
10.02.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Туура. Мунун эмнесине чычалап жатат жанагы Мискенбаев деген неме. Туура эле айтылыптыр.
Медиа-портал
10.02.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
B.B.Sadykov,кечее [moderated]тан коруп маанайым тушту депуттатын акылы ошондой болсо анда кыргыздын келечеги куруганы ошол болсун эки созду улап суйлой албайт экен уят болгону эле калды.
Медиа-портал
10.02.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
B.B.Sadykov, Бул жерде чыныгы баатыр мекенин коргогон Оштук туугандарды жана Ош окуясында курман болгон ар бир облустан авган согушунун жана Баткен согушуна катышуучуларын да эмнеге баатыр дебейт дегендей маанини камтыйт экен! Туура, мен кошулам, анткени Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди бийликке алып келгендерди баатыр дей берсек, чыныгы мекен коргоп өлгөндөрдү эмнеге айтпайбыз! Бул жерде наборот депутатты сотко бергиле! Анткени бир да жерде түндүк-түштүк деген сөз жок! ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-02-10 17:37:02
Медиа-портал
10.02.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STAN_KG,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: