ЖКда карышкыр, чөөлөрдү атуу маселеси талкууга коюлду
Бүгүн ЖКнын Агрардык саясат, суу
ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети «Кыргыз
Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга
болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. Маалыматка ылайык, киреше бөлүгү 86,2
миллиард сом, чыгаша бөлүгү 103,2 миллиард сом суммасында 2013-жылдын бюджетин
бекитүү сунушталууда. Ал эми келерки жылдын тартыштыгы 16,9 миллиард сом
суммасында белгиленүүдө. Жыйындын жүрүшүндө Ветеринария
департаментинен эмдөө өнөктүгүнө багыттала турган 10 миллион сом,
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен зыянкеч жырткычтарды (карышкыр,
чөөлөр) атууга делген 9,5 миллион сом жана башка кыскартуулар
2013-жылдын бюджетине киргизилип жаткандыгы белгилүү болду.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















