super.kg logo

"Гүл-гүл эже" мюзиклинде аялдардын бири-бирине болгон көрө албастыгы чагылдырылды (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда биринчи жолу “Гүл-гүл эже” аттуу мюзикл коюлду. Ал жазуучу Венера Күлүкбаеванын чыгармасынын негизинде даярдалган. Ал эми музыкасы Азат Дөөткуловго таандык. Мюзиклге ырчылар Аскат Мусабеков, Назми, Гүлжигит Калыков, Курал Чокоев, Гүлнара Кахарова, Сайра Момунбаева, Толгонай Арзыкеева, Кенже Көбөкова, Адилет Азимов, Ильяс Андаш, Минюра Рахимжанова, Элзар Сыдыков жана “Назик” бийчилер тобу катышты.

Чыгармада башкы каарман болгон Гүл-гүл эженин сулуу жана жан дүйнөсү таза экендиги көрсөтүлгөн. Аны көрө албаган аялдар көп болот. Алар аны жамандап, ушак айтып, басынтууга аракет жасашат. Ал эми мырзалар ак куудай болуп турган айымды жакшы көрүп, назиктигине суктанып ыр арнашат.

Уюштуруучулар: "Көрүүчү тигил же бул чыгарманы 3 мүнөт укса да, музыканын образына кирип, музыканын тилин ушул сахнадан көрүп, түшүнүп, жан дүйнөсү менен кабыл алышын каалайбыз. Сахнада сапаттуу жана кызыктуу концерттер болсун деп баштап жатабыз. Бул жанрды элге тартуулоо менен өзүбүздө жана сахнада маданий өсүш болот",- дешти.

Мюзикл жанры кыргыз жергесинде биринчи жолу коюлуп жаткандыктан, келген эл чыгарманы жакшы кабыл алышты. Соңунда эл жалпы кол чаап, ыраазы болушту.






Бишкекте "Гүл-гүл эже" аттуу алгачкы мюзикл коюлду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
12.02.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл аз го дейм
13.02.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gulzar_gulu, элдин уровени да. Чондор эле тушунушуп келишпесе, жаштар Нурлан Насипке окшошторго барып калбадывы.
13.02.2016. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл кол чапканы корунбойтго такыр,жок эле нерсени пиар кылганы билинип калыптыр,ырчыларды сапаты жоктор баары.несине суктанат?тушунбодум жонокойго бары.
13.02.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жыргал эле ушулардыкы
SUPER.KG видео
16.02.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча табуунун бир жолу деп эле айта алам. Зээриги кеттим.
Медиа-портал
18.02.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назми мактанып жаткан мюзикл ушул бекен?
SUPER.KG видео
19.02.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыыы....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: