Нарын. Өкмөттүн өкүлү акимдерге шайлоого байланышкан маселелерди чечүүгө 3 күн убакыт берди
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусу
боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбеков бүгүн администрациянын жыйындар залында район башчылары менен жыйын өткөрдү.
Иш-чарада негизги 3 маселе каралды. Алардын ичинде жакында боло турган
жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, кышка даярдык жана жазга даярдык тууралуу кеп-кеңеш, сунуш, маселелер
талкууланды. Мындан сырткары алдыдагы шайлоого болгон даярдык, кээ бир
участоктордо шайлоо комиссияларынын түзүлүп бүтө электиги, участоктордогу шарттар, урна, кабиналардын
даярдыктары тууралуу эскертүүлөр болду. Өкмөт өкүлү тарабынан милдеттенмелер
берилип, 3 күндүн ичинде маселелерди чечүүнү буюрду.
Кышка жана жазга
даярдык боюнча да бир топ маселелер каралып, көмүр, жылуулук берүү жана
жазындагы сел каптоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тапшырмалар
берилди.
Автор: Гүлжан Асанкожоева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















