super.kg logo

Анкарадагы жардырууда каза болгондордун арасында кыргыз жарандары бар же жок экендиги такталып жатат

 

Түркиянын Анкара шаарындагы жардырууда каза болгондордун арасында кыргыз жарандары бар же жок экендиги учурда такталып жатканын 18-февралда SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинен билдиришти. "Учурда элчилик каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары бар же жок экендигин тактап жатат",- дешти элчиликтен.

Жардыруу 17-февралда борбор калаанын Кызылай районундагы аскердик жатакананын жанында болгон. Каза болгондордун саны 28ге, жаракат алгандардын саны 60ка жетти. Маалыматтарга караганда, полиция кызматы бомба унаага коюлганын болжоп жатат. Түркиянын премьер-министринин орун басары Бекир Боздаг бул жардырууну террордук чабуул деп атады. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын басымдуу бөлүгү аскер адамдары экени айтылууда.






Түркия. Анкара. Теракт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.02.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жок эле болсун
18.02.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман бир боорлор аман болушсунчу кай улуттан болсо да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: