Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде унаасын жууган адамга 3 миң сом айып пул салынды
Кечээ, 2-мартта Токмок шаарынын чет жагында Чүй облусунун чек арачылары чек ара режимин бузган кыргыз жаранын кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Кыргыз Республикасынын жараны кыргыз-казак чек ара режимин бузуп, унаасын жууп жаткан жеринен кармалды. КРнын Административдик кодексинин 389-беренесине ылайык, кармалган адамга 3 миң сом айып пул салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















