Борбор калаада алдамчылык фактыларына жана 3 унааны тартып алууга шектелген жаран кармалды
Борбор калаада алдамчылык фактыларына жана 3 унааны тартып алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында алдамчылык фактыларына шектелип Б.Т. аттуу жаран кармалган. Аталган жаран ишенимге кирүү менен 6 миң долларлык Форд Маверик унаасын, андан сырткары Ниссан Пресаж жана Мерседес-Бенц С үлгүсүндөгү унааларды тартып алгандыгы аныкталган. Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.
Бул жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерлери боюнча байланыша алышат: (0312) 48-64-20, (0554) 40-07-56.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Этика нормаларын сактаңыз.