Бишкектеги көчөлөрдүн биринен ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек баланын жансыз денеси табылды
Бишкектеги көчөлөрдүн биринен ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 07:00 чамасында милицияга Түштүк магистраль менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде пакетке салынган ымыркайдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам иликтөө тобу ай-күнүнө жетпей төрөлгөн эркек баланын жансыз денесин табышкан. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ымыркайдын денеси өлүкканага өткөрүлүп берилди.
Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/show/29753