super.kg logo

"Театрлар таймашы" дагы бир жеңүүчүнү аныктады

 

11-март күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Театрлар таймашы" болуп өттү. Анда Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры беттешти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мар Байжиевдин "Төрт адам", Уильям Шекспирдин "Ричард III", Токтоболот Абдумомуновдун "Машырбек үйлөнөт" спектаклдеринен үзүндү аткарган актёрлор соңунда калыстар тарабынан берилген "Тарых жана маданият" деген темада кызыктуу оюн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзышты. Жыйынтыгында 0,2 упай айырма менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры жеңишке жетишти.

Бул таймаш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүүдө. Биринчи "Театрлар таймашында" Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик "Учур" жаштар театры 27-февралда ат салышкан. Анда Жаш көрүүчүлөр театры жеңишке жеткен. Театр өнөрүнө жаңылык киргизип, биринчи ирет болуп жаткан таймаш айлампа түрүндө өткөрүлүп, жеңип чыккан театрга 1 000 000 сом байге берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: