Бишкектин көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген 20 даана көрнөк-жарнак алынды
Борбор шаардагы “Тазалык” ишканасынын, Ленин жана Биринчи Май
райондук администрацияларынын кызматкерлеринин көмөгү менен Бишкек
шаарынын көчөлөрүндөгү эскирген жана талапка жооп бербеген 20 даана көрнөк-жарнак
алынды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд Токтогул, Москва, Акиев,
Бөкөнбаев, Чүй көчөлөрүндө жүргүзүлдү. Мындай иш-чаралар мэриянын “Бишкек шаарынын
көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун негизинде
уюштурулууда.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















