Таш-Көмүрдө 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Данияр кызы Сыргана табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары Данияр кызы Сыргананы 3 күн бою издешти. Бирок издөө иштери өз натыйжасын берген жок. Учурда кызды издөө иштерин туугандары жүргүзүүдө, азырынча кыз табыла элек", - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов.
Айта кетсек, Теңдик айылынын тургуну, А.Осмонбеков атындагы №9-орто мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Данияр кызы Сыргана 7-март күнү саат 17:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















