Чүйдө айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти
Чүй облусунда айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Жаракат алган адам ооруканага жеткирилгенин 6-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 17:15 чамасында Новониколаевка айылынын Ч.С. аттуу 34 жаштагы тургуну Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен 29 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Окуя Беловодск айылынын Фрунзе көчөсүндө болгон. Жабыр тарткан К.У. аттуу адам Ак-Суу айылынын тургуну болгон. Азыркы тапта териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















