super.kg logo

Чүй облусунун тургуну "атасын бычактап өлтүрдү" деп шектелүүдө

 

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын тургуну "атасын бычактап өлтүрдү" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ саат 11:30 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган айылдагы үйлөрдүн биринде ызы-чуу чыгып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке тиешелүү кызматкерлер барып, окуя болгон жерден карыянын жансыз денесин табышкан. Аталган фактыга шектүү катары 39 жаштагы Руслан аттуу маркумдун баласы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.






Чүй облусунун тургуну "атасын бычактап өлтүрдү" деп шектелүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.04.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор,ушу сонку кабарлардан жакшы жанылыктарды кээде гана окуп калдыкко
07.04.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кылдым акыркы учурларда мындай корунуштор коп катталууда.
07.04.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кандуу окуяларды уга берип,балдарыбызды андай кыл,мындай кылба,иш кыл деп жумшагандан коркуп калдык го,кокус бир балээ болуп кетпесин деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: