Чүйдө бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы жаран изделүүдө
Рахим Исма
Чүй облусунда бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы жаран изделүүдө. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 7-мартта милиция кызматкерлерине арыз менен Сокулук районуна караштуу Винсовхоз айылынын тургуну кайрылган. Ал 31 жаштагы Исма Рахим Щимеевич аттуу баласы 5-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Аталган факт боюнча тиешелүү адамдардын баары суракка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Исма Рахимдин дайыны тууралуу билгендер болсо, (0312) 26-63-17, (0312) 26-62-61 телефон номурларына чалып койсоңуздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















