Өлкө аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
12-апрелде саат 19:23тө өлкө аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жетти.
Очогу Өзгөн шаарынан түндүк-батышка карай 6 чакырымда, Шералы айылынан түндүккө карай 6 чакырымда, Шоро-Башат айылынан түштүк-батышка карай 7 чакырымда, Кара-Дыйкан айылынан батышка карай 10 чакырымда, Красное айылынан түндүк-чыгышка карай 10 чакырымда, Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 50 чакырымда жайгашты.
Жер титирөө Өзгөн шаарында 2,5 - 3 балл, Шоро-Башат айылында 2,5 балл, Красное айылында 2 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















