Депутаттар экс-министр Равшан Сабировго карата чыккан сот чечими туура эмес экенин айтышты
Парламенттин 28-марттагы жыйынында депутат Малик Осмонов мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду 5 жылга эркинен ажыратуу туура эмес болгонун айтты. Сабировду мурунтан тааный турганын билдирген депутат, "мен анын мындай ишке барышына ишенбейм. Пара менен министр эмес, анын жардамчысы кармалды. Министр 5 жылга, анын жардамчысы 3 жылга кесилди. Муну кайрадан карап чыгыш керек, мүмкүн, буга президент көңүл бурушу керектир. Анын артынан көтөрүлүп чыгып, митинг уюштура турган адамдары жок" деди. Эске сала кетсек, Равшан Сабиров 7-март күнү Бишкек шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















