Тоң райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду
27-мартта Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук сотунун судьясы О.М. аттуу жаранга кылмыш иши козголду. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана туура эмес чечим чыгаруу кылмыштары боюнча айыпталууда. Маалыматка ылайык, аталган судья 2012-жылдын 26-июнунда белгилүү кыймылсыз мүлктү М.А. аттуу жарандын менчигине өткөрүү чечимин чыгарып, бирок ушул эле жылдын 19-июлунда ал мүлктү Т.Д. аттуу жаранга да жашыруун түрдө менчиктештирип берген. Учурда Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















