Ат-Башыда 10-класста окуган кыз мал короосунда асынып алды
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында 10-класста окуган 16 жаштагы кыз асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 18-апрелде саат 18:00 чамасында болгон. "Ошол күнү жамгыр жааган. Буга карабай кыз көчөдө жүргөнү үчүн апасы аны бир аз урушуп койгон. Эч кандай ур-токмокко алуу болгон эмес. Кыз таарынып, мал короосуна кирип асынып алыптыр. Денесинен көк алалар байкалган жок. Ата-энеси кыздын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага бербей коюшкан. Алар арыз жазбаганына байланыштуу кылмыш иши козголгон жок",- дешти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















алабы? Биз бейбаш кылганда кок ала
кылып сабачы эле, бизде коркутмак
кайда, тыпылдап иш кылып калчыбыз
Коркутуп коем деген го урушуп койсо