Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгында 1 адам каза таап, 1 адам жаракаттарды алды
Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгында 1 адам каза таап, 1 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Жайыл районунда кечээ саат 14:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында орун алган. Анда Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаанын айдоочуcу унааны башкара албай, жол кырсыгына учураган. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















