Ош облусунда 5 баллга жеткен жер силкинүү катталды
Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, жер силкинүүнүн очогу Кытай Эл Республикасында болгон. Жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:36 чамасында болуп, Ош облусунун Эркеч-Там айыл аймагынын түштүк-чыгышка карай 25-чакырымында, Нура айыл аймагынан түндүк-чыгышка карай 30-чакырымында сезилген. Эркеч-Там, Нура айылдарында жер титирөөнүн күчү 5 балл болгон. Ал эми Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Сопу-Коргон айылдарында 3 баллга жеткени маалыматта айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Кудай озу сактасын.