Бишкекте мас абалында көчөдө мушташып, милиция кызматкерлерин сөккөн 4 кызга чара колдонулган жок






Борбор калаадагы көчөлөрдүн биринде мас абалында мушташып, аларды ажыратууга аракеттенген милиция кызматкерлерин сөккөн кыздарга чара колдонулган жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 29-апрель күнү кечинде Абдрахманов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде мушташып жаткан кыздарды ажыратууга патрулдук милиция кызматкерлери келишкен. Бирок мас абалдагы кыздар милиция кызматкерлери менен түртүшүп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кыздардын бири алардын акылга сыйбаган жоругун камерага түшүрүп жаткан жигиттин артынан кубалап, камерасын сындырууга аракеттенген.
"Бейбаштык кылган кыздар милициянын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эки тараптын бири-бирине доо арызы жок болгондуктан коё берилген", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Мас болгон жаш кыздардын чуусу


Кимдир бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!