super.kg logo

Биринчи жолу кыргыз өлкөсүнүн атынан Жийдеш Идирисова "Евровидение-2016" сынагында калыстык кылды

 

"Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагында биринчи орунду алган Жийдеш Идирисова кыргыз өлкөсүнүн атынан "Евровидение" сынагында калыстык кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын продюсери Андрей Доргай билдирди.

"Евровидение" сынагынын уюштуруучулар тобунун мүчөсү Энтони Грейнжер Жийдешке
"Еврожюри-2016" калыстар тобунун катарына кирүү сунушу менен кат жөнөткөн. Ага ылайык, калыстар сынакка катышкан 43 катышуучунун ырларын угуп көрүп, өздөрү мыкты деп эсептеген 10 катышуучуну аныктап берүүлөрү жана сынактын жүрүшүндө аткаруучуларды тандоо процессин көзөмөлдөп туруулары керек болчу. Жийдешти "Turkvizyon" сынагынын жеңүүчүсү катары жана объективдүү баа берилиши үчүн сынакка катышпаган кыргыз өлкөсүнүн атынан чакырышты.

Биз, албетте, мындай сунушту кубануу менен кабыл алдык. Жийдеш бардык катышуучулардын чыгармаларын угуп көрүп, өзү мыкты деп эсептеген 10 катышуучуну белгилеп, уюштуруучуларга жөнөттү. Алар "Евровидение" сынагынын сайтында Жийдештин жообун жарыялашты. Бул нерсе сынактын жеңүүчүсүн аныктоодо да жардам берет экен", - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(1)
06.05.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Эжеша!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: