super.kg logo

Бишкекте 14-майдан 15-майга караган түнү "Музейдеги түн" акциясы өтөт

 

Эл аралык музей күнүнө карата 14-майдан 15-майга караган түнү Бишкекте "Музейдеги түн" акциясы өтөт. Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи бул күнү саат 20:00дөн 02:00гө чейин көрүүчүлөр үчүн эшигин ачат. Кирүү акысыз. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда жылдыздардын коштоосунда интерактивдүү экскурсия, атактуу сүрөтчүлөрдөн арт-класстар, мастер-класстар, шоу программа, "Манас" эпосун айтуу, улуттук оюндар жана түрдүү сынактар пландалган.

Кошумчалай кетсек, мындай акция дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетинде өткөрүлөт. Жалпысынан 2000дей музей түнкүсүн эшигин ачат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.05.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ айтып коесуздарбы? Кируу акысыз болобу? Жонокой жарандар кире алабы? Же ушул чойронун адамдары киреби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: