super.kg logo

Ирактын борборундагы үч жардыруудан кеминде 93 адам каза таап, 80ден ашуун адам жаракат алды

 

Ирактын борбору Багдадда орун алган үч жардыруудан кеминде 93 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү полиция жана медицина кызматкерлерине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алгачкы жардыруу кечээ, 11-майда аталган шаардын шииттер жашаган Садр-Сити районундагы базарда орун алган. Анда базарда эл көп чогулган маалда жеңил унаа жардырылган. Жардыруунун кесепетинен 63 адам мерт болуп, 80ден ашуун жаран ар түрдүү жаракаттарды алган. Түштөн кийин шииттер басымдуулук кылган Кадимях жана сунниттер жашаган Жамия аймактарындагы полициянын көзөмөл пункттарында дагы эки жарылуу катталып, анда 30 адам каза болгону маалым. Азыркы тапта бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алганы айтылууда. Унааларды жан кечтилер айдап барып, өздөрүн жардырып жибергендери аныкталды.






Багдаддагы жардыруу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.05.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахка шугур ушундай тынч демекратиялуу Кыргызстанда туулуп жашап жатканыма
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: