КИНОЗАЛ: "Жаштардын кыймыл-аракетин, бийин үйрөндүк" дейт актриса "Жыйырмадагы чал-кемпир" тасмасы тууралуу






"Кинозал" бөлүмүндөгү көп талкууга алынган, кызыктуу комедиялык жанрдагы тасма - "Жыйырмадагы чал-кемпир". Тасма 2014-жылы тартылган, режиссёру - Айбек Өмүров. Анда Дамир Абдраимов, Замира Сатыбалдиева, Бакыт Тынайбеков, Эльзат Жедигерова сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Тасмада кемпирдин, жаш кыздын образын чагылдырган актриса Замира Сатыбалдиева ролу тууралуу буларга токтолду:
"Жыйырмадагы чал-кемпир" тасмасына тартылуу мен үчүн өзгөчө жаңылык болду, себеби бир тасмада эки образды: карынын жана жаштын чагылдыруу кыйын. Карыган адам менен жаштардын өзүн алып жүрүүсү, сүйлөгөндөрү, көз караштары эки башка да. Ошондуктан киного тартылардан мурун чалдын образын жараткан актёр Дамир Абдраимов экөөбүз хип-хоп бийин бийлеген жаштарга кошулуп, 2 ай алардын жүрүм-турумун, сүйлөгөн сөздөрүн, бийин үйрөндүк. Тасмада мен үчүн эң кыйыны сагыз чайноо болду. Өзүм сагыз чайнабайм, чайнагандарды да көп жактыра бербейм, бирок кино үчүн кечке чейин сагыз чайнап жүрүүгө туура келди.
Өзүм бир орунда турбаган жанмын, дайыма түрдүү тармактан өзүмдү сынап көргүм келет. Ошон үчүн да ушул ролду мага ишенип тапшырып коюшту окшойт. Бул тасмага башка деле профессионалдуу актрисалар чакырылган экен. Алар кемпирдин ролун жакшы ойноп, бирок жаш кыздын ролун жакшы ойной албай коюшкан. Мен кастингге келип, кары кемпирди да, жаш кызды да ойноп кетип калгам. Анан эле башкы каармандыкка мени бекитишти".
Бир эрке, көйрөң жигит-кыздын денеси чал-кемпирдики менен алмашып калат. Кайра өз денесин кайтаруу үчүн алар чоң тарбиядан өтүшөт.
"Жыйырмадагы чал-кемпир" тасмасын бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gulya21

18.05.2016. 15:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.