"Элдик парламент" кыймылынын өкүлдөрү митингге чыккан жарандарга акча таратышканы аныкталды
Бишкекте "Элдик парламент" кыймылынын өкүлдөрү кечээ, башка күнгө жылып кеткен митингде анын катышуучуларына акча таратышканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-майда аталган кыймылдын өкүлдөрү “Жеңиш” аянтында митинг уюштурууга аракет кылышкан. Кийин ал башка күнгө жылдырылгандыгы айтылган. Иликтөө иштеринин алкагында аталган митингге Чүй облусунун тургундарын жана борбордогу Эмгек биржасына жумуш издеп барган жарандарды алып келгендери аныкталган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.
Митинг учурунда акча каражатын таратышкан
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Өзүңүз байкагандай, бул кабар "Кылмыштар, кырсыктар" рубрикасында. Ал эми талкуу "Саясат" бөлүмүндө жабык.
Кабар "Кылмыштар, кырсыктар" рубрикасында. Ал эми талкуу "Саясат" бөлүмүндө жабык.