super.kg logo

"Kyrgyzstan Dance Showcase" сынагында өлкөнүн мыкты бийчилери күч сынашат

 
Бишкекте хип-хоп музыка жанрынын бийчилери жана хореографтар ортосунда "Kyrgyzstan Dance Showcase" бий сынагы өтөт. Аталган долбоордун максаты - өлкөдө хип-хоп маданиятын жайылтуу, алыскы райондордогу жаштарды бий чөйрөсүнө алып келүү жана аларды эстетикалык, маданий жактан өнүктүрүү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына долбоордун уюштуруучусу Эрмек Керимбаев билдирди.

"Kyrgyzstan Dance Showcase" сынагы хореографтарга өздөрүнүн номерлерин жаңылоо, кайра көрсөтүү, чыгармачыл идеяларын ишке ашыруу жана долбоордун ар бир мезгилинде өнүгүү мүмкүнчүлүгүн берет. Алыскы райондордон келген бийчилер, хореографтар өз тажрыйбалары менен бөлүшө алышат. Ошондой эле долбоор таланттуу жаштарга өзүнүн эмгектерин татыктуу көрсөтүүгө жана шоу-бизнес тармагында таанылууга мүмкүнчүлүк түзүп берет", - дейт Эрмек Керимбаев.

Катышуучулар төмөндөгү категориялар боюнча күч сынашат:

Mega - Сахнага массалык чыгууда түрдүү стилди айкалыштырууга болот. Негизги басым бийдеги кыймылга, таасирдүү идея жана аткаруу чеберчилигине жасалат.

Crew - Сахнага командалык чыгууда түрдүү стилди, көчө маданиятын камтышы мүмкүн. Анда топтун өзгөчөлүгү, стили, образы бааланат.

Pair dance - Түгөйлөрдүн бийлөөсүндө сюжет, маани, тарыхы болуусу мүмкүн. Бирок бийдин “маанайы”, өнөктөштөрдүн бири-бирин сезүүсү бааланат.

Solo - Мында хореографтын иштеп чыккан жеке стили, кайталангыс образы көрсөтүлүшү керек.

Ошондой эле ар бир номинацияда акчалай сыйлыктар каралган. 21-майдан баштап тандоо туру башталган. 27-майда Улуттук филармонияда сынактын финалы өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: