Ош шаарында Республикалык жогорку окуу жайлар аралык достук фестивалы өткөрүлүүдө
Ош шаарында Республикалык жогорку окуу жайлар аралык достук фестивалы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тарых жана маданият жылына карата "Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргыз Республикасы үчүн" аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы студенттердин достук фестивалы өтүп жатат. Фестивалга Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген студенттер катышууда. "Иш-чаранын бирден-бир максаты - Кыргыз Республикасын даңазалоо, жаштарды мекенчилдикке үндөө, улуттук өнөрлөрдү жаштар арасында өнүктүрүү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















