super.kg logo

Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам "Сагын" тасмасы көрсөтүлгөн жок. Эми жекшемби күнү көрсөтүлөт

 
Актриса Рахат Божокоева
Белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев үй-бүлөсү менен
Элина Абай кызы жана Кумар Жалиев
"Сагын" тасмасында башкы каармандардын образын жараткан актёр-актрисалар
Режиссёр Данияр Абдыкеримов

Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам "Сагын" тасмасы көрсөтүлгөн жок. Эми жекшемби күнү бет ачары өтөт.

19:30. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам "Сагын" тасмасын көрсөтүү кечигип башталды. Алып баруучу келген конокторго "жакшы маалыматтарыңыз болсо бөлүшүп, бойдоктор болсо бири-бириңиздер менен таанышып отуруңуздар" деди. Андан соң тасманын жаратуучуларын сахнага чакырды.

Тасманын жаратуучулары тасма жөнүндө, андагы кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу кыскача токтоло кетишти. Фильмдин режиссёру Данияр Абдыкеримов тасманын жаратуучулары менен бирден тааныштырып өттү, бирок фильм экранга коюла элек. Келген коноктор күтүп жатышат.

Бет ачар аземине белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев үй-бүлө мүчөлөрү менен келсе, "Сагын" тасмасында башкы каармандын образын жараткан кикбоксчу Кумар Жалиевди сүйүктүүсү Элина Абай кызы коштоп келди.

18:40. Бүгүн, 26-майда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Сагын" тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Тасманын бет ачарына кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү инсандар, тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, шаар тургундары келишкен.

Башкы каармандын образын жараткан актриса Рахат Божокоева тасма тууралуу буларга токтолду:

"Тасмага кастинг аркылуу тандалып, башкы ролго бекитилдим. Сагын аттуу башкы каармандын жубайынын ролун ойнодум. Каарманым ар дайым күйөөсүн колдоп, ар тараптан жардам берип, туугандар ортосундагы ынтымакты сактап, урушса элдештирип турат".






"Сагын" тасмасынын бет ачарына элдер келип жатышат

"Сагын" тасмасынын бет ачары өтүп жатат

Үч жыл тартылып, 40 миң доллар жумшалган "Сагын" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
Медиа-портал
03.06.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумарды Элинадан башка кыз менен коргум келбейт, экоо сонун тугойлор. Бул жакта туруп мен кызганып кеттим )))
Медиа-портал
03.06.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мушкер актер болуп атса,мен деле актриса боло алам Божокоевадан ашып отом))).
Модератор admin_media түзөттү 2016-06-03 17:02:52
SUPER.KG видео
03.06.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың доске. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Ар тармакта өзүңдү сынап көрө бер. Ийгилик сага. ШЕРИК.
Медиа-портал
09.06.2016. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сценарийи турктордун киносу бар го ошого опокшош экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: