super.kg logo

Ош шаарында уюштурулган Этномаданият фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды (фоторепортаж)

 

Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн Эл аралык Этномаданият фестивалы борбордук аянттагы гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага КРнын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, өкмөттүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, өлкөнүн булуң-бурчунан, чет мамлекеттерден келген коноктор, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Эл аралык Этномаданият фестивалы Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү 6 багытта өткөрүлдү. Келген коноктор байыркы көз ирмем менен улуттук каада-салт, этномузыка дүйнөсү, ар улуттун тамак-аштары, байыркы шаар, уз-чеберлердин көргөзмөсү менен тааныша алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
04.06.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өтө даярдык суз болду.Башталышында да аягында да.Муз аппаратура чырылдап,тырылдап...Бишкектен келген экен.Оштун музыкалык аппаратын коюшканда динамикалуу болмок.Ырчылар фонограмма ырдап эч бир Ош шаары деп суйлоп койбоду.(ачык айттым,бетке айткандын заары жок)
06.06.2016. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба уюштуруу абдан начар болду ал баашында эле корунду канчалык денгээлде даярдыктары бар экендиги жана мындан ары кандай отоору и жыйынтыгы корунуп калды. Сууз, кызыксыыз, бир соз менен айтканда эптеп-септеп откорушту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: