17-июндан тарта Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезди каттай баштайт
Жайкы эс алуу сезонуна карата Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезди 17-июндан тарта “Бишкек I” станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттай баштайт. Жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 6:25те. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын сайтында маалымдалат.
Ал эми 18-июлдан тартып 31-августка чейин күн сайын аталган багыт боюнча поезд каттайт.
Барып келүү акысы төмөндөгүчө:
“Бишкек I” станциясынан Балыкчыга чейин чоңдор үчүн: 69 сом
Балдарга: (10 жашка чейин) 35 сом
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Оркунунор осуп,мекенибиздин бардык жерине темир жол каттамы ачыла берсин!