Модель Айова Жумаева "Miss Planet-2016" Эл аралык сулуулар сынагына катышат



Кыргыз өлкөсү алгачкы ирет "Miss Planet-2016" Эл аралык сулуулар сынагына катышат. Сынак ушул жылдын 18-26-сентябрь күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында өтөт. Анда өлкөнүн намысын модель Айова Жумаева коргойт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына модель билдирди.
"Учурда бул сынакка даярданып жатам. Аларга кыргыз жери, жаратылышы тууралуу видеоматериал даярдап жиберишим керек. Сынакка катышкандардын баары өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Мен орусиялык ырчы Полина Гагарина "Евровидение" сынагында ырдаган "A Million Voices" чыгармасын аткарам. Түрдүү костюмдарды кийип чыгам. Албетте, улуттук көйнөк да кием", - дейт Айова.
"Miss Planet-2016" Эл аралык сулуулар сынагында 20 өлкөдөн келген калыстар тобу сулууларды электен өткөрөт.
өздүк баракчасынан алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:25
2025-08-20
Рейтинг:
1

Биринчи корона мн тушкон суротун коргонумдо, эркек бала эле чач кийип алгандай корунду))