super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Аруузатым" ырынын клибине түрмөнү, кылмышкерлерди кошконубузга нааразы болушкан" дейт Аскат Мусабеков

 

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү сүйүүнү, аруулукту даңазалаган, эл арасында хитке айланган чыгармалардын бири - "Аруузатым" ырынын клиби.

Сөзү, обону белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевге таандык бул ырдын клиби тууралуу Аскат Мусабеков буларга токтолду: "Аруузатым" ырынын клиби 6 жыл мурун тартылган, клиптин сценарийи, идеясы режиссёр Акжол Бекболотовго таандык. Актёрлорду тандоодо экөөбүз кеңешип, чогуу тандаганбыз. Адашпасам, жалпы 2 миң доллардай акча каражаты кеткен.

Клип жарыкка чыкканда кээ бири "тасма көргөндөй болдук, жакшы болуптур" десе, башкалары "клипке түрмө, кылмышкер тууралуу кадрларды кошпой эле койcоңор болмок" деген эки түрдүү пикир пайда болгон. Биз бул чыгарма аркылуу "жаман адам аруулуктун, сулуулуктун арты менен жакшы жолго түшөт деген" ойду айталы дегенбиз.

Клиптин сюжети кимдир бирөөнүн жеке жашоосунан алынган эмес. Ырдын сөзүнө карап клип тартканбыз. Жашоодо түрдүү тагдырлар кездешет эмеспи. Бул ыр менин жашоомдон алынганы тууралуу пикирлер да эл арасында көп айтылып келет. Азыр деле ыр да, клип да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек".

Аскат Мусабековдун "Аруузатым" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.06.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Менин журогумдун согушу токтогончо уга турган эки ыр бар. Бири мамлекеттик гимн болсо,бири ушул Аруузатым.
13.06.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин журогум сокпош калганча уга турган эки ыр бар. Анын бири гимн болсо,бири ушул Аруузатым.
13.06.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырды угуп жагып калып кызымдын атын Аруузат койгонмун))))))
13.06.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!Эн мыкты ырчы!Ырлары,клиптери аябай жагат! Негедир кээбир ырчынын кээбир ыры жагып,кээбири жакпашы мумкун.А мага Аскат байкемдин бут ыры журогумдо.Кыскасын айтканда бут ырлары аябай жагымдуу,уккулуктуу! Тандоосу да жакшы.Озуно окшогон мыктылардын ырларын тандап ырдайт.Мисалы Элмирбек Иманалиев,Сыймык Бейшекеевдикин ырларын жон эле ырдап коет. Коп эле ырчылар ,силер дагы издене бергиле демекмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: