Ош облустук соту 4 грамм баңгизат менен кармалган жаранга 25 миң сом айып пул салды
Ош облустук соту 4 грамм баңгизат менен кармалган жаранга 25 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-февралында Кара-Суу районундагы базардан 4 грамм баңгизат менен А.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.
"Буга чейин кармалган жарандын иши сотко өткөрүлүп, Кара-Суу райондук соту 20 миң сом айып салган. Айыпталуучу бул чечимге нааразычылыгын билдирип, Ош облустук сотуна кайрылган. Жыйынтыгында облустук сот Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, айыпталуучуга 25 миң сом айып салды", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жонокой жаран кармалса 5-10 жылга кесилмек
100минден ашыгы тиги сот,тергоочуго кетти да