Эми санитардык-гигиеналык эрежелерди бузууда административдик жоопкерчиликтин жана айып акылардын көлөмү жогорулайт
Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын
Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду.
Мыйзам эс
алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоодо жана айлана-чөйрөнүн
санитардык-экологиялык абалын жакшыртууда укук жоопкерчилигин камсыз кылууга
багытталган. Ошондой эле аталган мыйзам сейил бактарда,
пансионаттарда, курорттордо жана башка эс алуу жайларында
санитардык-гигиеналык эрежелерди бузууда административдик жоопкерчиликтин жана
айып акылардын көлөмүн жогорулатууну карайт.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















