Коомдук ишмер Кемелбек Нанаев дүйнөдөн өттү
Белгилүү коомдук ишмер Кемелбек Нанаев 4-апрель күнү 68 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. Ал 1991-1992-жылдары Мамлекеттик мүлк комиссиясынын төрагасы, 1992-1994-жылдары Улуттук банктын төрагасы, андан кийин Каржы министри, Биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген. Кийин 2001-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын Орусиядагы, Армения, Азербайжан жана Грузиядагы элчилик кызматын аркалаган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-апрелде болуп, коомдук ишмер Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















