Талас. Огонбаев айылында куураган чамындыларды күйгүзүүдөн өрт чыкты
Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын өрттүн
алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Тилек Рыспеков маалымдагандай, 12-ноябрда саат
15:50дө Таластагы №17-өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө Талас районуна караштуу А.Огонбаев айылынын Кукеев көчөсүндө өрт
коркунучу чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам даярдалган 4 адамдан турган топ жетип барганда өрт ошол
жердеги жашоочулардын жардамы менен өчүрүлгөн. Өрттөн 3 түк чөптөн башка зыян
тартуулар катталган жок. Үй ээси Алакаевдин айтымында, өрт куураган
чамындыларды күйгүзүп жок кылуудан улам келип чыккан.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















