Сузакта атайылап өстүрүлгөн кара куурай табылып, аны эккен адам изделип жатат
Сузакта ээн талаага атайылап өстүрүлгөн кара куурай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундардан кара куурай өстүрүлүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин алкагында Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн жайытынан атайын эгилип, өстүрүлүп жаткан кара куурай табылды.
"Жалпы саны 900 түп кара куурай болгон. Салмагы болжол менен 450-500 килограммга жетет. Өстүрүлгөн кара куурай жулунуп салынды. Учурда өстүрүп жаткан адам изделүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео


















Анын кандай зыяны бар?
Же мен окшоштуруп жатамбы ?