super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Энекем" ыры Энелер күнүндө гимн катары ырдалып жүрүшүн каалайм" дейт Асема

 

"Бейиш эненин таманынын астында" дегендей, энелер тууралуу канча ырлар ырдалбасын, баары бир аздык кылат. "Медиа-портал" бөлүмүндөгү энелерге арналган дагы бир мыкты чыгарма - ырчы Асеманын аткаруусундагы "Энекем" ыры. Ырдын клиби жогорку деңгээлде тартылып, колдонуучулардын алкышына арзыган. Ырчы клипти тартуу таржымалы, идеясы тууралуу буларга токтолду:

"Азыр коомдо эне менен баланын ортосундагы байланыш бузулган, андыктан түрдүү көйгөйлөр пайда болууда. Ааламдын өзү - эне. Аалам эне менен байланышкан. Эне жылдызга, асманга барабар. Дүйнөдө болуп жаткан, биз сезген бардык нерсе эне менен байланыштуу. Энелерди даңктап, кадырлап-барктап, сыйлоону жана Энелер күнүндө гимн катары ырдалып жүрүшүн каалап, ушул чыгарма жаралды. Эч качан эне менен бала бири-биринен айрылбасын, эне баласын таштабасын деген ойдо ушул клипти тарттык.

Кино жаатындагылар башка чөйрөлөргө салыштырмалуу бири-бирибизди колдоп, жакшы идея айтылса, дароо көмөктөшүп жүрөбүз. "Энекем" клибин тартууда мен айткан жакшы ой, идеяларды колдоп, "Айтыш" студиясы клип тартууда көмөк көрсөттү. Көп нерсени тоого жеткирүү кыйын болгондуктан, керектүү заманбап, сапаттуу, мыкты тарткан камераларды алып чыктык.

Клипке апамды тарткан жокмун. Чыгармачылыкта өзүңдүн тааныштарыңды, үй-бүлө мүчөлөрүн тартуу шарт эмес. Чыгарманы жеткирүү үчүн образдарды актёр-актрисалар жаратканы туура. Кыз - үйдөгү убактылуу конок. Мен да эне болуп, эне кадырын билдим, андыктан энелерге арналган кичинекей салымымды кошкум келди".

Асеманын "Энекем" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.07.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп эле ырчылар Эне жонундо ыр жазышкан.Обон жаратышкан.Бирок менин ырым гимн болсун дегенин укпапмын.Ыр жакшы,калганын эл озу баалайт.
01.07.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ошонтсен АНЧАЛЫК ДЕЛЕ ОЗУН БИЙИК СЕЗИП КОЮПТУР
02.07.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гимн катары дегенин туура эмеско бут ырчылардыкы бар энелер жонундо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: