МЕДИА-ПОРТАЛ: Дилшат Кангелдиева жашоонун шаңдуулугун көрсөткөн "Өмүр" ырынын жаңы клибин тартуулады





"Медиа-портал" бөлүмү бүгүн, 7-июлда Дилшат Кангелдиеванын "Өмүр" ырынын жаңы клиби менен толукталды. Ырчы клип тууралуу мындай дейт:
"Ырдын авторунун сунушу менен ырдап калдым. Чыгарма терең маанилүү, аны чыгыш стилине жакыныраак ырдоону чечтим. Клиптин идеясы аркылуу жашоонун шаңдуу экенин көрсөткүм келди. "Жашоо жакшы, учурунда жашап калалы. Убакыт өткөн соң баары артта калат" деген ой айтылат. Ыр философиялык маанини камтыйт, ошондуктан ага ашыкча сюжет кошкон жокпуз. Ал Бишкек шаарындагы кооз жерлерде тартылды".
Дилшат Кангелдиеванын "Өмүр" ырынын жаңы клибин бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:25
2025-08-20
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.