super.kg logo

Шаардын көркүн бузган жарнак кагаздары аялдамаларда шамалга желбиреп турат (фоторепортаж)

 

Кыргыз Республикасында көзгө басар саналуу гана шаарлар бар. Алардын бири борбор калаабыз Бишкек шаары. Борбор болгон соң бүтүндөй өлкөгө таза, жашыл, өнүккөн шаар катары үлгү болушу керек эле. Тилекке каршы, башка шаарлар үчүн тескери үлгү болуп бара жаткандай туюлат. Борбор калаанын эң эле кичинекей көйгөйү - шаардагы жарнак кагаздарынын аялдамаларда, электр мамыларында, жер алдынан өтүүчү жер төлөлөрдө жана ар кайсы жерде дубалдарда илинип тургандыгы. Бул нерсе акырындык менен чоң көйгөйгө айланып бараткандай.

Бул маселе тууралуу материал даярдап жатып шаардык мэрияга кайрылып шаардын көркүн бузган жарнактар кайсы мекеме тарабынан көзөмөлдөнөрүн билүүгө аракет кылдык. Мэриянын басма сөз кызматынан аялдамаларда, электр мамыларына дубалдарга чапталган жарнамалар мыйзамсыз экендигин билдиришти.

"Мындай жарнактарды тазалоо максатында биз күн сайын рейд уюштуруп, Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери чапталган кагаздарды сыйрып, тазалап турушат. Ал тургай жарыяланган номерлерди алып, милиция кызматына да беребиз", - деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.

Бишкек шаарында чаржайыт илинген жарнактык маанидеги баракчалардын көптүгү шаар көркүн кетирип, көңүл ирээнжиткени турган кеп. Шаар ичинде жарнак кагаздары чапталбаган бир да аялдама калбаса керек. Арасында бир топ убакыттан бери илинип турган кагаздар бар. Алардын күнгө саргарып, жарымы айрылып, шамалга желбиреп тургандарына ар бир эле шаар тургуну күбө болсо керек. Мындан улам күн сайын рейд уюштурулуп, жарнактар сыйрылып, тазаланып жаткандыгы чындыкка дал келбейт.

Аялдамаларга жарнак кагазын жайгаштыруу үчүн атайын орундук бөлүнгөн. Ага карабай жарнак тактасынын айланасына, аялдаманын арткы тарабына да илип салышкан. Борбор калаадагы Чүй кең көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамадан жогорудагыдай көрүнүштү байкадык. Мындай абалды башка көчөдөгү аялдамалардан да көрүүгө болот.

Компьютерде терилип бадырайта жазылган кагаздарда жумушка алуу, ижарага үй берүү, турак жай сатуу, спорттук машыгууга чакыруу, Ысык-Көлдө эс алуу, кеңсеге жумушка алуу, тигүүчүлүк кызматын сунуштоо, дипломдук иш жазуу, атайын окуу курстарына чакырган маанидеги жарнактар жайгашкан.

Алардын арасында шоу-бизнес чөйрөсүндөгү, түпкү маанисинде маданиятка кызмат кылып жаткан ырчылардын концерттерине чакыруу афишалары да бар. Ал эми терең маанини камтып, коомду тарбияга чакырат деп тартылган кинолорго чакырган афишалар да шаардын көркүн кетирүүгө өз салымын кошууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бул туурасында эгерде илинген жарнактарда коомчулукту уят иштерге үндөгөн же кылмыштуулуктун курамы болсо гана карай тургандыгын билдиришти. "Бишкек шаардык мэриясынан илинген жарнактарга айып салуу же кылмыш ишин козгоо, тартипке чакыруу боюнча бир да жолу кайрылуу келген эмес", - дейт Бишкек ШИИББинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Жакып Жумаев.

Ал эми Санитардык-экологиялык инспекциянын жалпы бөлүмүнө байланышканыбызда аталган мекеменин кызматкери "бул иш биздин ишмердүүлүккө кирбейт" деп орой жооп берип, мекемеде басма сөз кызматы бар же жок экенин билбегенине түңүлдүк. Жыйынтыгында "Милиция тартипке чакырбаса, Санитардык-экологиялык инспекцияга тиешеси жок болсо, анда жарнактар боюнча ишти ким карайт?" деген суроо жоопсуз калды.






Шаардын көркүн кетирген жарнак кагаздар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
14.07.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башаламандыкты жойсо болот. Атайын буйрук чыгарып, айып пул төлөтсө эле тынчып калат эле.
14.07.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдамага карапайым калк жарнамаларын чаптайт. Бардыгынын эле жарнаманы тв, гезиттерден кетирууго шарты жок. Бирок атайын тактайчаларга чаптаса жакшы болмок.Ал эми акчасы коптор килейген тактайларга ар нерсени жазып илип шаардын, кочолордун коркун бузуп жатышат.Анда аларга да тыюу салыш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-14 16:59:55
14.07.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
андай жарнактар бишкекте эле эмес москвада да бар
14.07.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдарга эмне гана жакпай кимдир бироо ошол жарнакты коруп иш табат жэ болбосо озуно керектуу нерселерди табат абдан жакшы жер адамдардын козуно тушкон жерге жарнактарды илет
ал нерсеге окуунун кереги жоок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: