Айдаганга унаасы жок Асылбек Жээнбеков 1 жылда 2 миллион 158 312 сом киреше тапкан
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Асылбек Жээнбеков 1 жылда 2 миллион 158 312 сом киреше тапкан. Бул сумма анын 2015-жылга карата берген декларациясында көрсөтүлгөн.
Анын 2 айдоо жери, 2 имараты, 1 курулуп бүтө элек имараты жана бир үйү бар. Экс-төрага аталган мүлктөрүнүн аянтын көрсөткөн эмес. Андан сырткары 4 ишканада үлүшү бар болсо, анын үчөөсү курулуш ишканалары (47,6-19,1-33,3-91,52). Ошондой эле 1 аары чарбачылыгына 100 пайыз ээлик кылса, дагы 1 айыл чарбачылыгына 91,2 пайыз ээлик кылат. Унаасы жок.
Жакындары 348 023 сом иштеп табышкан. Алардын 1 үй, 1 курулуш имараты, 1 жер үлүшү бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















