Жыл башынан бери мамлекеттик чек араны бузган 159 адам кармалды
Жыл башынан бери мамлекеттик чек араны бузган 159 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Башка адамдын паспорту менен 51 адам, жасалма документ менен 15 адам, чек арага көзөмөл жүргүзүү учурунда 11 адам, документи жок 13 адам жана көзөмөл-өткөрүү жайдан тышкары жерден өткөн 69 адам кармалган.
“Башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылгандардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары. Алар жумуш издеп Орусияга же Казакстанга кетип бара жаткандар. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мамлекеттик чек араны бузгандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышат”, - деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















